Исфананын жаңыланган аэропорту бүгүн ачылып, колдонууга берилет

Исфананын жаңыланган аэропорту бүгүн ачылып, колдонууга берилет. Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ички каттамдарга ылайыкташкан “Исфана” аба бекетин кайра калыбына келтирүү иштери өткөн жылы башталган.

 

Жалпы аянты 553 чарчы метрди түзгөн жаңы аэробекет курулду. Анда жүргүнчүлөрдү каттоочу орундар, текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы жана эне-бала бөлмөсү бар. Исфана аэропорту 1974-жылы курулуп, 6 жылдан кийин техникалык маселелерге байланыштуу жабылып калган.