Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын даярдоонун биринчи этабы аяктады.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окутуулар өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Ага 820 тарбиячы катышты.

 

Адистердин көбү жакын арада бала бакчаларда иштей баштаса, калгандары балдарды өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүнө тартылат. Мугалимдерди даярдоонун экинчи этабы май жана июнь айларында өтөт.