Бишкектеги билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоп-түзөөгө 100 миллион сом багытталат

Бишкектеги билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоп-түзөөгө 100 миллион сом багытталат.

Билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, ар бир район өзүнүн объектилеринин тизмесин берди.

Ал жалпысынан 52. Эми комиссия мекемелердин абалын текшерип чыгат. Белгилеп кетсек, оңдоо иштерине болжолдуу

түрдө жарым миллион сом керектелет, бирок шаардык бюджет чектелүү болгондуктан 100 миллион эле бөлүнөт.

Калыбына келтирүү иштери алгач авариялык абалдагы объектилерде жүргүзүлөт.