Бишкектеги жеке үйлөрдө үч күн ысык суу болбойт

Бишкекте 29-марттан 1-апрелге чейин жеке үйлөрдө ысык суу болбойт. Буга жылуулук тармактарын сыноо себеп болууда.

 

Өчүрүү борборлоштурулган жылуулук менен камсыздалган жеке турак жайларга гана таасирин тийгизет. Көп батирлүү үйлөргө ысык суу берүү чектелбейт.

 

Бишкек жылуулук тармагы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.