Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү жолун сунуштады. Кеп, ата-энелер балдарын 3 сааттан 8 саатка чейин калтырып кетүүгө мүмкүн болгон чакан топторду түзүү тууралуу болуп жатат.
Мындай бала бакчаларды китепканаларда, мектептерде же башка социалдык уюмдардын алдында түзсө болот. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.