“Социалдык келишим” программасынын катышуучулары кантип тандалат?

“Социалдык келишим” программасынын катышуучуларын тандоонун негизги критерийлери туруктуулук, кирешенин туруктуулугу жана продукция үчүн рыноктордун болушу саналат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

 

Быйыл 20 миң аз камсыз үй-бүлө менен келишим түзүү пландалууда.

 

Эске салсак, долбоордун алкагында аз камсыздалгандарга мамлекеттен 100 миң сомдон берилет. Бул акчага алар жакырчылыктан чыгуу үчүн өз бизнесин башташы керек.