Кытайда үч балалуу болгонго уруксат берилди.
Мындай чечим Кытай калкынын тез карып баратканына байланыштуу кабыл алынды.
«Синхуа» агенттиги билдиргендей, чечим бүгүн, 31-майда жактырылды.
Ал качан күчүнө кирери белгисиз. Эске салсак, дээрлик 40 жылга чукул Кытай
«бир үй-бүлөгө бир бала» саясатын жүргүздү, бирок балдардын төрөлүшү кыскарууда.
Алсак, былтыр 12 миллион гана ымыркай жарык дүйнөгө келген. Учурда Кытайдын
калкы 1 миллиард 410 миллион менен дүйнөдө биринчи орунда турат.