Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартат

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартат.

Кийинки жылы эмгек визасы менен кирип иштеген мигранттардын саны

40 миңге чейин кыскарат. Ал курулуш, токой чарба, жер-жемиш өстүрүү,

жүргүнчү жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле соода жана

дарыкан тармагында иштегендерге тиешелүү.  Белгилеп кетсек, чектөөлөр Өзбекстан,

Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Молдова, Казакстан сыяктуу визасыз өлкөлөрдөн

кирген мигранттарга тиешелүү эмес. Алар мурдагыдай эле иштей алат.