Кытайда коомдук жайлар ачыла баштады

Пекинде Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү ачылып,

шаардык зоопарк иштеп баштады. Өлкө эпидемиологиялык

абалдын жакшырышы менен буга чейин коронавирустан улам

жабылып калган туристтик объектилерди акырындап ача баштады.

Аталган жайга күнүнө 19,5 миңден ашык адам кое берилбейт.

Коомдук жайларга 1 күндө келген адамдардын саны 30 пайызга

жетсе кирүү жабылат. Эске салсак, коронавирустан улам

Пекинде бардык туристтик объектилер, музейлер жабык болчу.

Азыркы учурда Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп

алгандардын дээрлик 90 пайызы айыкты. Акыркы маалыматтар

боюнча, учурда Кытай ооруканаларында 5 миң эле бейтап дарыланууда.