Казакстанда коронавирусун жуктуруп алган 2 жаран катталды

Казакстанда коронавирусун жуктуруп алган 2 жаран катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

Маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алган жарандар Германиядан келишкен.

Учурда алар Алматыдагы инфекциялык стационарга жаткырылды.

Учурда аларда клиникалык белгилер жок, абалы жакшы. Эске салсак,

буга чейин Казакстандын санитардык башкы дарыгери Жандарбек Бекшин

11-марттан 16сына чейин өлкөдө коронавирус катталышы мүмкүн экендигин маалымдаган.