Өзгөчө абал учурунда иштеп жаткан кызматтар

Өзгөчө абал учурунда иштеп жаткан кызматтар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей,

учурда бардык Калкты тейлөө борборлору, жарандык абалдын

актыларын каттоо аймактык бөлүмдөрү, «Унаа» мамлекеттик

ишканасы график боюнча иштеп жатат. Аталган  мекемелер

эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин иштейт. Имараттарга

санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган кызматтарга

кайрылууда жарандар сөзсүз түрдө бет кап тагынып кайрылуусу кажет.