Бүгүнтөн баштап Казакстанда өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди.
Ал 15-апрелине чейин созулат. Мындан улам, коомдук жайларда
тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурулуп, соода борборлор,
кинотеатр, театр, көргөзмөлөр жана эл көп чогулган жайлар
ишин токтотту. Болгону азык-түлүк дүкөндөрү жана базарлардын
айрым жерлери адаттагыдай иштей берет. Мындан тышкары,
спорттук иш-чаралар, тойлор, салтанаттар толугу менен токтотулду.
Учурда коңшу өлкөдө вирус жуктургандардын саны 9га жетти.