Караколдо коомдук унаалардын 75 пайызына видеокаттоолор орнотулду

Караколдо коомдук унаалардын 75 пайызына видеокаттоолор орнотулду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда,

мындай жабдууларды орнотуу уурулуктун алдын алууга, айдоочу жана

жүргүнчү ортосунда чыккан чыр-чатакты териштирүүгө шарт түзөт.

Андан тышкары, айдоочулар жол эрежелерин бузуудан оолак болууну шарттап,

авриялык учурларды тактоого жардам берет. Кошумчаласак, Каракол шаарында

күнүнө 55 маршруттук такси каттамга чыгат. Андан тышкары,

облус жана район аралык транспорт дагы жүрөт.