Бишкек — Кара-Балта унаа жолун куруу кийинки жылы аяктайт

Бишкек — Кара-Балта унаа жолун куруу кийинки жылы аяктайт.

novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей,

учурда тилкелерге асфальт төшөлүп, курулушка даярдык көрүлүп, жер тегизделүүдө.

Жумушчулардын 70 пайызы жергиликтүү адистер болсо, 30 пайызы компаниянын өкүлдөрү.

Аталган Долбоорду кытайлык компания ишке ашырууда. Белгилеп кетсек,

алгач жалпысынан 52,5 чакырым тилкени калыбына келтирүү пландалган.

Бирок бюджеттин тартыштыгынан улам жолдун 45 чакырымы гана оңдоп-түзөлөт.