Кыргызстанда жарандардын антителосу бар-жогун аныктоо акысыз жүргүзүлө баштады.
Ага катталуу электрондук түрдө гана мүмкүн, — дешти «Профилактикалык медицина»
илимий-өндүрүштүк бирикмесинен. Муну менен адистер элдин коронавируска болгон
иммунитетин баалоону көздөп жатат. Эске салсак, буга чейин калктын COVID-19га
иммунитетин текшерүүнүн үчүнчү этабын жүргүзүү пландалып жаткан. Экинчи этапта
кыргызстандыктардын 71 пайызында антитело бар экени аныкталса,
биринчи этапта 30 пайызында антитело бар экени айтылган.