Лейлекте милиция чек арага жакын аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 16-декабрда Лейлекте чек арага чектешкен аймактарда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу, Кайрагач, Лайлы, Андархам, Чүрбек, Бешкент айылдарында жана Бешкенттеги базарда элдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда.

 

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө уурулук, мал уурулук, алдамчылык кылмыштарын алдын алып, жаңы жыл майрамын алдындагы майрамдык салтанаттарды өткөрүүдө аймактын коопсуздугу үчүн протехникалык жарылуучу заттарды колдонууга тыюу салынганын эскертти.

 

Бир күндүк иш-чарада дүкөн ээлерине 35 эскертүү акттары берилип, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 жаранга протокол түзүлүп, айып пул салынды.