Бишкек мэрин кызматтан алуу сунушу ЖК токтомуна киргизилген жок

15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарын каптаган ыш көйгөйүн талкуулаган жыйындын соңунда кабыл алынган токтомго президентке Бишкектин мэри кызматтан алууну сунушу киргизилген жок. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров 16-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда айтты.

“Анча-мынча депутаттар “мэрдин жоопкерчилигин караш керек” деген маселени көтөрүштү. Бирок ал токтомдо жок”, — деди мэр.

 

15-декабрда парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу демилгесин көтөргөн.

 

Парламенттин басма сөз кызматы сунуш жазуу жүзүндө берилбегендиктен, бул демилге Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго киргизилбегенин билдирген.

Жыйында “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кызматтан алуу демилгесин көтөрүп, мэрди кызматтан алуу тууралуу президентке сунуш берүү Жогорку Кеңештин ыйгарым укугуна кирбей турганын айткан.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Конституция боюнча парламенттин мындай укугу бар деген жооп кайтарган.

 

Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетүү ниети жок экенин, пландарын ишке ашыруу үчүн жок деген үч жылдан беш жылга чейин убакыт керек экенин билдирүүдө.

Садыр Жапаров 64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыровду быйыл февраль айында Бишкектин мэри кылып дайындаган. Бишкекте таштанды, транспорт, түтүн көйгөйү чечилбегендиктен, калаа башчыга сын-пикирлер айтылып келет.