“Коопсуз шаар”: айып пулду азайтууну ЖК комитети биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулга байланыштуу Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун 25-майда биринчи окууда кабыл алды.

 

Ага ылайык, Бузуулар кодексиндеги эки берене өзгөрүп, айрым эреже бузууларга айып пул азаят.

 

123-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”) 1-бөлүмү (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу”).

 

1231-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”) 1-бөлүмү («Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо»).

Ушул тапта бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айып пул 15 күндүн ичинде төлөнсө анын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми Министрлер кабинети сунуштаган долбоор колдоо тапса айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% кыскарып, 300 сом төлөө каралган.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

 

Долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну 2019-жылы кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы утуп алган. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес.