Лионель Месси «Барселонадагы» карьерасында алгачкы кызыл айып кагазын алды (видео)

18-январда футбол боюнча Испания Суперкубогунун финалдык беттеши «Олимпико де Севилья» стадионунда болуп өттү. Финалдык беттеште каталондук «Барселона» клубу менен «Атлетик Бильбао» командасы кез келип, оюн 2:3 эсебинде «Атлетик Бильбао» клубунун жеңиши менен аяктады.

 

Беттештин бүтөрүнө бир мүнөт калганда «Барселона» клубунун чабуулчусу Лионель Месси оюндан четтетилди. Аргентиналык футболчу «Атлетиктин» оюнчусуна карата орой ойногондугу үчүн кызыл айып кагазын алды. Бул четтетүү Мессинин «Барселона» клубунун карьерасындагы алгачкы кызыл айып кагазы болду.

Лионель Месси «Барселона» клубунда 2003-жылдан бери ойноп келет.

 

«Барселона» — «Атлетик Бильбао» (2:3);

 

Голдор: Антуан Гризманн (40,77-м), Оскар де Маркос (42-м), Асьер Вильялибре (90-м), Иньяки Уильямс (93-м).