Өлкө аймагындагы башкы жолдор кыймылга ачык

Өлкө аймагындагы башкы жолдор кыймылга ачык.

Унаа жана жолдор министрлигинен  novosti.kg ге билдиришкендей,

тоолуу райондордо кар калың, бирок кырдаал унаалардын жүрүүсүнө кыйындык жаратпайт.

Учурда бардык өтмөктөрдө, жолду эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери

инерттүү материалдарды сээп, жолду кардын калың катмарынан арылтышууда.

Ошондой эле, алыскы сапарга чыга турган айдоочулар шиналарын кышкыга сөзсүз алмаштырышы

керек жана машинада тайгактыкка каршы чынжырча болуусу зарыл, — дешти министрликтен.