“Кең-Булуң унаа жолу” өткөрүү түйүнү иштеп баштады.
Пункт бир гана бош жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн ачылды, — дешти
Мамлекеттик чек ара кызматынан. Муну менен башка
өткөрүү түйүндөрүндөгү жүк ташуучу унаалардын кезек күтүү маселеси чечилет.
Учурда Казакстан менен 4 чек ара түйүнү иштеп жатат, алар – Чүй облусундагы
“Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Кең-Булуң” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” бекеттери.
Ал эми жүк ташыган поезддер “Кайынды” түйүнүнөн өтүүдө.