Чаткал районундагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолу жазга чейин жабылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда,
жергиликтүү башкармалыктын буйругунун негизинде аталган жол унаалардын бардык
түрүнө убактылуу жабык болот. Мындай чечим Кара-Буура ашуусундагы
кырсыктарды алдын алуу максатында кабыл алынды.