“Бишкек—Талас—Бишкек” унаа каттамы жанданды.
Белгилеп кетсек, трасса Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу өтөт.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, каттамды калыбына келтирүү чечимин
Казакстан өкмөтү кабыл алды. Эске салсак, былтыр 16-марттан баштап коңшу өлкө аркылуу
«Бишкек—Талас—Бишкек» багыты боюнча жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган.
Чектөөлөр пандемияга байланыштуу казак тараптан киргизилген.