Өлкөдөгү 4 министрликке жаңы жетекчилер дайындалды

Өлкөдөгү 4 министрликке жаңы жетекчилер дайындалды. Садыр Жапаров кл койгон жарлыктарга ылайык, Билим берүү министри болуп Уланбек Мамбетакунов, Энергетика министри болуп Таалайбек Ибраев дайындалса, Алтынбек Максутов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жетектеди.

 

Ал эми Унаа жана жолдор министрлигин эми Тилек Текебаев башкарат.

 

Эске салсак,  3-октябрда иштен дароо 4 министр алынган. Алмазбек Бейшеналиев жана Доскул Бекмурзаев камакта болсо, Азамат Жаманкулов менен Эркинбек Осоев өз каалоосу менен кызматтарын тапшырды.