Кыргыз — венгер өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргыз — венгер өнүктүрүү фонду түзүлөт.

Келишимге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол коюшту.

Фонддун баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзөт.

Сумманын 16 миллион доллары бүгүн которулса, калган бөлүгү

жыл аягына чейин берилет. Фонддун алкагында Кыргызстан

экономикасы үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат,

ошондой эле өндүрүштөр жана ишканалар ачылат. Бул өз кезегинде

өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.