Ысык-Көлдүн Оттук айылында жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көлдүн Оттук айылында жаңы мектеп ачылды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, окуу имараты 275 окуучуга чакталат.

 

Анда окуу класстары, спорт жана акты залдары, ашкана каралып, билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Долбоордун сметалык баасы 1,5 миллион долларды түзөт.