Ош облусу боюнча 108 талапкер тесттен өттү

Ош облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилигине сынактын экинчи айлампасында 108 талапкер босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору маалымдады.
Директорлор тесттен бүгүн, 7-октябрда өткөн.
«Тестирлөөгө 310 талапкер катышып, анын ичинен 108 талапкер 60 пайыздан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Конкурска катышуу үчүн Ош облусу боюнча жалпы 408 талапкер документ тапшырган. Эксперттик комиссиянын чечими менен 332 талапкер тестке катышууга чакыруу алган. 22 талапкер сынакка келген эмес. Ал эми 76 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп табылган», — деп айтылган маалыматта.
Аталган борбордон Ош облусу боюнча ваканттык орундардын саны 177 экенин кошумчалашты.
Белгилей кетсек, чек арадагы кагылышуудан улам Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорун дайындоо конкурсу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Талас менен Чүй облусунда сынактын экинчи айлампасы аяктап, Таластан 45, Чүйдөн 71, Ысык-Көлдөн 38, Нарындан 18 талапкер тесттен өткөн. Ал эми Бишкек менен Ош шаарында экинчи айлампага документтерди кабыл алуу башталды.