Өлкөнүн 5 облусундагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого 18 миллион сомдон ашык жумшалат

Өлкөнүн 5 облусундагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого 18 миллион сомдон ашык жумшалат.

 

БШКнын маалыматына ылайык, бул суммага шайлоо комиссияларына керектүү материалдар сатылып алынат.

 

Андан тышкары, кызматкерлердин айлыгы, байланыш жана транспорт чыгымдары каралган. Эске салсак, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.