Парламенттик шайлоолор эми качан өтөт белгисиз

Парламенттик шайлоолор эми качан өтөт белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, шайлоолордун күнүн белгилөө үчүн Боршайкомдун курамы гана эмес, өкмөттүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарыны координациясы талап кылынат. Ошондой эле, министрлер кабинети шайлоолорду өткөрүүгө каражат бөлүп берүү суроосун чечиши керек.

 

Белгилеп кетсек, кайталанган шайлоолорду өткөрүүдө каражат үчтөн бир бөлүккө кыскартылат. Эгер адатта процедура 90 күнгө созулса, эми бийлик 2 айда бардыгын чечүүгө аргасыз.