Facebook жана Instagram акы төлөнүүчү верификация кызматын киргизүүдө

Facebook жана Instagram акы төлөнүүчү верификация кызматын киргизүүдө. Мета компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдиргендей, акылуу верификация 18 жаштан өткөндөргө берилет.

 

Баасы онлайн сатып алгандарга айына 12 доллар, мобилдик тиркеме аркылуу сатып алгандарга айына 15 долларды түзөт. Кызматты алуу үчүн колдонуучу документ көрсөтөт, анын реквизиттери аккаунттагы маалыматка дал келиши керек.

 

Верификациядан кийин аккаунттун атын, колдонуучунун ысымын, туулган күнүн же сүрөтүн кайра текшерүүсүз өзгөртүү мүмкүн болбой калат.