Өлкөнүн башкы балатасын тургундар ушул жумада көрө алышат. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 17-декабрга белгиленген иш-чарада Ала-Тоо аянтындагы башкы балаты жандырылат.
Кече концерт менен коштолот. “Бишкексветтин” кызматкерлери учурга карата жасалгалоону дээрлик аяктап калышты. Муниципалитеттен буга чейин белгилешкендей, Бишкекти жаңы жылга карата жасалгалоого 5,5 миллион сом жумшалат.