Ордо калаада жыл сайын 10 миң чарчы метр тротуар оңдолот

Ордо калаада жыл сайын 10 миң чарчы метр тротуар оңдолот. Вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун айтымында, кийинки жылдан тартып бул максатта атайын берене менен каражат бөлүнүп турат.

 

Күтүлгөндөй, алгач тротуарлар Ахунбаев, Ибраимов көчөлөрүн, Жибек Жолу проспектин жана Жаш Гвардия бульварын бириктирген бөлүктө оңдолот.