Жогорку Кеңеш экономикалык амнистия жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Жогорку Кеңеш экономикалык амнистия жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Документтин демилгечилери экономикалык кылмыштарды жасаган ишкерлерди материалдык зыянды эки эселеп төлөп бергенден кийин кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну сунушташты.

 

Эгер экономикалык кылмыш кайра катталса, анда амнистия колдонулбайт, ишкер жоопкерчиликтен бошотулбайт.