Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылы үчүн ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош жолунун кооптуу делген тилкелеринде жолчулардын нөөмөтү уюштурулду.
Трасса кардан тазаланып, инерттүү материал себилип жатат. Долон, Кызыл-Бел, Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында дагы жол тынбай тазаланып, кыймыл татаалданган жок, — дешти ведомстводон.