“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу. Чектөөлөр абал турукташканча күчүндө болот.

 

Ал эми жеңил унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат. Бирок айдоочулар жол эрежелерин сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү керек.