Өлкөнүн ирригациялык тармагын жакшыртууга 100 миллион сом бөлүнөт.
Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Пландалгандай, быйыл
апрель-июль айларында нөшөрлөгөн жаандын, селдин кесепетинен
талкаланган ирригациялык объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлүп,
калыбына келтирилет. Андан тышкары, суу чарба объектилери оңдолот.
Бул өз кезегинде дыйкандарга сугат суу көйгөйүн чечүүгө жардам берет.