Россияга КМШ өлкөлөрүнүн жарандары эркин кире алат.
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдиргендей,
өлкө чек арасын чет элдиктерге жапканына карабай, бир нече өлкөнүн
жарандарына кирүүгө уруксат берет. Ага Абхазия жана Түштүк Осетиянын
жарандары дагы кирди. Белгилей кетсек, Россия 18-марттан 1-майга чейин
чет элдиктерди өз аймагына киргизүүнү чектеген. Көрүлгөн чара
коронавирустун алдын алуу боюнча.