Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 4 сапка жогорулады.
Жаңыланган рейтингинде биздин команда 98-орунда жайгашты. Мындай жакшы көрсөткүч
ата мекендик команда Палестина жана Бангладештин курама командалары менен беттешип,
экөөнү тең жеңгенден кийин чыкты. Эске салсак, буга чейин биздин курама 102-катарга
түшүп калган. Рейтингде жалпысынан 210 курама команда бар.
Сап башында Бельгия, Бразилия жана Англия турат