Өлкөнүн ооруканаларын оңдоо иштери уланууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, Талас облустук бириккен ооруканасы калыбына келтирилет.
Бул максатта 10 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле, Нарын, Ош клиникалары оңдолот. Ысык-Көл облустк медициналык жайдын инфекциялык бөлүмүн ремонттоого 12 миллион 685 миң сом багытталат. Калыбына келтирүү иштерин аткарууга тендер жарыяланды.