Казань шаарындагы студенттердин тобу мекенге жеткирилди.
Республикалык штабдан билдиришкендей, Казань – Бишкек чартердик каттамы менен
жалпысынан 182 жаран кайтарылды. Алардын 167си Россияда билим алган студенттер болсо,
15и катардагы жарандар. Учуп келгендердин бардыгы тиешелүү
медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.