Бишкекте биринчи унаа тейлөө борборун ачууга даярдыктар кызуу жүрүүдө

Бишкекте биринчи унаа тейлөө борборун ачууга даярдыктар кызуу жүрүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жакында эле тендер өткөрүлүп, анын алкагында борбор жайгаша турган имарат аныкталды.

 

Эми анда оңдоо иштерин жүргүзүп, унаа токтотуучу жайды уюштуруп, керектүү жабдууларды сатып алуу керек. Бул максатта дагы тендер жарыяланат. Эске салсак, унаа тейлөөчү борборлор алгач Бишкекте, кийин аймактарда дагы ачылат.