Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Ал арызды өз каалоосу менен жазганын президент администрациясынан белгилешти. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Жаманкулов аталган министрликти 2018-20-жылдары дагы жетектеп андан кийин иштен алынган, 2021-жылы кайрадан министр болуп дайындалган болчу.