Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри алмашты

Бүгүн, 12-июлда шаар мэри Эрнисбек Ормоков биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Нурбек Сатаров 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылы Ат-Башы районунун акими кызматын аркалаган.

Жалал-Абад шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.