Транспорт министри Эркинбек Осоев иштен алынды

Президент Садыр Жапаров жарлыгы менен транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевди кызматынан бошотту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров аталган аткаминерди Баш мыйзамдын 71-беренесине таянып иштен бошоткондугу айтылды.
Президент буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевди кызматынан бошоткон.