Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо

Кыргызстан менен Өзбекстан тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо.

Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маселени талкуулоого эки өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин жана ветеринардык кызматтарынын кызматкерлери, андан тышкары бизнес-ассоциациялар жана эксперттер катышты.

Анда өзбек тарап «Достук» өткөрмө бекетинде мониторинг жүргүзө турганын айтып, Бажы кызматы да Кыргызстандан товарларды токтоосуз өткөрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр деп билдирди.

Коңшу мамлекет негизинен кыргыз форелин импорттоого кызыктар.