Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту.

Эки депутатка тең камакка алуу түрүндөгү мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, алар сот залынан бошотулду.

 

Белгилей кетсек, кечээ парламент Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартуу сунушуна макул болгон эмес.