Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди

Мамбет Мамакеев узакка созулган карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат. Анда жазылгандай, хирургдун эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт.

 

Бул көрсөткүч кыргызстандык Мамакеев Мамбет Мамакеевичке таандык. Сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленет. Мамбет Мамакеев 92 жашта, ушул күнгө чейин операция жасайт.