Бүгүндөн тарта Carcheck сайты аркылуу кайрадан айыптарды
текшере баштаса болот. «Инфоком» мекемесинин маалыматын
а караганда, 7-мартта «Коопсуз шаар» системасынын ар кайсы
сервистерине жооп берчү жабдуунун иши үзгүлтүккө учураган.
Аталган мекеме системаны калыбына келтирди, бирок
айыптарды жана төлөмдөрдү текшерүү сервиси убактылуу
жеткиликсиз болуп жатат. Бул жагдай эреже бузууларды каттоо жана
аппараттык-программалык комплекстердин ишине таасир эткен жок.
Жабдуу кадимкидей эле иштеп жатат.