Кыргызстан эл аралык каржылык уюмдардан 462 миллион доллар алат

Кыргызстан эл аралык каржылык уюмдардан 462 миллион доллар алат. Каражаттын эң көбү Эл аралык Валюта фондунан келди – 242 миллион доллар. Акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

 

Республикалык штабдын маалыматында Азия өнүктүрүү банкынан 120 миллион доллар алынат. Ал эми Дүйнөлүк банк долбоорлорго 21 миллион доллар бөлүп берет.

 

Анын жарымы грант, калганы насыя. Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алууга 15 миллион доллар насыя берет. Каражат саламаттыкты сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.