Жумушсуз калган «Nissan» заводунун кызматкерлери каршылык акциясына чыгышты

Барселонада «Nissan» япон унаа концернинин заводунун айланасында жумушсуз калган кызматкерлер каршылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Би-Би-Си басылмасы жазып чыкты.

 

Маалыматка ылайык, заводдун жабылышы тууралуу 27-май күнү кабарланган. Акцияга чыккандар заводго кирчү жолду дөңгөлөктөр менен тосуп, өрттөп салышкан.

«Nissan» заводу коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында ишин токтоткон.

 

Ал эми май айында жумушчулар иш таштоону башташкан. Эгер завод жабылса, 10 миң адам жумушсуз калышы мүмкүндүгү айтылууда.